www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израил палестиналыктарга гуманитардык жардам жеткирүү үчүн Газа тилкесиндеги убактылуу иштеп жаткан порттун коопсуздугун камсыздоого даяр. АКШнын президенти Жо Байден Филадельфияга (Пенсильвания) учаар алдында Вашингтондун жанындагы Эндрюс аскерий базасында журналисттерге маалымат берди.

Бул объектинин коопсуздугун кимдер колго алууну сунуштап жатат деген суроого америкалык лидер: «Израилдиктер» деп жооп берди.

Өз кезегинде Пентагондун басма сөз катчысы Патрик Райдер кезектеги пресс-брифингде ХАМАСтын коопсуздук боюнча өнөктөштөрдүн бири болуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды. Ошол эле учурда ал Вашингтон Хамасты террордук уюм деп эсептей турганын эске салды.

"Кошмо Штаттар коопсуздук боюнча Хамас менен иштешпейт", - деди Райдер.

Кошумчалай кетсек, ал палестиналыктарга деңиз аркылуу гуманитардык жардам жеткирип жатканда америкалык аскерлер Газа тилкесинде жээкке чыкпай турганын тактады.

Маалымат үчүн, Байден 7-мартта АКШ Палестинанын анклавына гуманитардык жардам жеткирүү үчүн Газа тилкесинде убактылуу порт түзөөрүн жарыялаган. Америка администрациясы гуманитардык жардамдын Кипрден Газага деңиз аркылуу жеткирилерин түшүндүрдү.

Эске салсак, кечээ, 8-мартта Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Лейен Кипрге болгон иш сапарынын алкагында Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүү үчүн деңиз коридору ачыла турганын айткан.

Последние новости