www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын азыркы президенти Джо Байдендин 2024-жылы өтө турган шайлоодо экинчи мөөнөткө талапкер болуу ниети бар. Бул тууралуу Ак үй өкүлү Карин Жан-Пьерге шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Президент 2024-жылы талапкерлигин коюуну пландап жатканын бир нече жолу айткан. Ал эмнени пландаса ошону сөзсүз ишке ашырууга аракет кылат", — деди Жан-Пьер жергиликтүү ЖМКга берген маегинде.

Ал буга чейин New York Times гезитиндеги "Азыркы президенттин жашы (79 жашта) экинчи мөөнөткө талапкерлигин коюуда көйгөй жаратат" деген макалага карата нааразычылыгын билдирген. Жан-Пьер АКШ жетекчилигинин администрациясы бул маселеге көңүл бурбай турганын, Байдендин америкалыктардын жашоосун жакшыртууга көңүл буруп жатканы маанилүү экенин айткан.

Буга чейин ЖМКлар Байден АКШнын мурдагы лидери Барак Обамага 2024-жылы экинчи мөөнөткө ат салышууну пландап жатканын жазып чыгышкан.

Ал эми Джо Байден өзү Дональд Трамп 2024-жылдагы шайлоодо дагы ага атаандаш болуп калса жакшы болорун айткан эле.

Американын азыркы президентинин 2024-жылы кайрадан шайлоого баруу пландарын Ак үйдүн мурдагы басма сөз катчысы Жен Псаки былтыр тастыктаган.

Эске салсак, 2020-жылы 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өткөн. Ага республикачыл Дональд Трамп жана демократтардын атынан Джо Байден катышкан.

NBC телеканалынын эсептөөсүнө ылайык, демократ Джо Байден АКШдагы президенттик шайлоонун тарыхындагы 80 миллион добуш алды биринчи саясатчы болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости