www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден менен Трамптын кимиси жакшы? Путиндин жообу

Россия үчүн кимиси жакшыраак, Жо Байденби же Дональд Трамппы? Мындай суроону "Россия 1" телеканалынын журналисти Павел Зарубин Владимир Путинге узаткан. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Байден. Тажрыйбасы мол. Эмне кадамга барарын алдын ала боолголоп билсең болот. Күчтүү формациядагы саясатчы", — деп жооп берген Россия президенти.

Анткен менен Путин дарыгер болбогондуктан, Байдендин ден соолугу боюнча эч нерсе айта албастыгын кошумчалаган.

"Мен дарыгер эмесмин. Бул боюнча мага кандайдыр бир комментарий бергенге боло берет деп ойлобойм", — деген ал.

Путин Байдендин саламаттыгы боюнча сөз кылганда үч жыл мурда Женевада жолукканда эч нерсеге жарабай калды деп айтылып келген нерселерди андан байкабагандыгын белгилеген.

"Ооба, ал өзүнүн кагазын улам карап коюп жатты, чынын айтканда, мен деле өзүмдүкүн карадым. Мында эч нерсе деле жок", — деген Путин.

Россия лидери муну менен катар Москва америка эли ишеним көрсөткөн АКШнын кайсы гана лидери болбосун иштеше берерин белгилеген.

Ал АКШ администрациясынын азыркы позициясын зыяндуу жана ката деп атаган.

"Биз буга (Байдендин саламаттыгы — ред.) эмес, саясий позициясына карашыбыз керек. Бүгүнкү администрациянын позициясы абдан эле зыяндуу жана жаңылыш. Кезегинде бул тууралуу президент Байденге да айтканым бар",— деген Путин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости