www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Джо Байден ушул аптада Брюсселде Кошмо Штаттардын европалык өнөктөштөрү менен жолукканда Орусияга карата жаңы санкциялар жөнүндө жарыялайт. Бул тууралуу Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан 22-мартта журналисттерге билдирди. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик думанын 300дөй депутатына каршы санкция киргизилет.

Салливандын айтымында, 24-мартта Орусияга каршы санкциялардын кошумча пакети гана эмес, аларды кыйгап өтүүгө жол бербөө чаралары тууралуу да маалымат берилет.

Белгилей кетсек, бул күнү Байден Европа сапарында НАТО, G7 жана Европа кеңеши боюнча өнөктөштөр менен жолугушууларды өткөрүп, Орусиянын Украинада жүргүзүп жаткан согушуна каршы аракеттерди талкуулайт.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости