www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден поляк-украин чек арасына барды

АКШнын президенти Джо Байден Европа сапарынын алкагында бүгүн, 25-мартта украиналык качкындарды кабыл алып жаткан Польшанын Жешув шаарына келди. Анда поляк президенти Анджей Дуда менен гуманитардык кризисти талкуулады.

Орусия Украинага басып киргенден кийинки өлкөдөн качкан 3,5 миллиондой адамдын 2 миллиондон ашууну Польшага өткөн.

Аларды кабыл алуу, жайгаштыруу жана жардам берүү иштерине жергиликтүүлөр менен чогуу НАТОнун миссиясынын алкагында келген америкалык аскерлер да көмөктөшүүдө. Өз сапары учурунда Байден поляк-украин чек арасында турган америкалык аскерлер менен жолукту.

Белгилей кетсек,  Байден кечээ, 24-мартта Брюсселде НАТОнун, Чоң жетинин жана Европа Биримдиги уюмдарынын саммиттерине катышкан. Анда Украинага колдоо көрсөтүү жана Орусияга каршы чараларды көрүү маселери каралды.

Саммиттен кийинки басма сөз жыйындарында Жо Байден Вашингтон украиналык качкындарды колдоо үчүн 1 млрд. доллар бөлөрүн, АКШ 100 миңдей качкынды кабыл аларын маалымдады. Мурдараак Ак үй америкалык президент турненин алкагында Украинага кирбей турганын тактаган.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости