www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Джо Байден орусиялык кесиптеши Владимир Путин тууралуу айткан өз сөздөрүнө комментарий берди. Бул тууралуу РИА Новости билдирет. Анын айтымында, Путинди «согуш кылмышкери» деген билдирүү Вашингтондун саясий позициясы эмес. «Мен жөн гана ачуулангам: ал бийликте калбашы керек, анткени жаман адамдар жаман иштерди кыла бербеши керек», - деди ал.
Байден, ошондой эле, Орусиянын жетекчилигин алмаштырууга багытталган АКШнын саясаты жок деп ишендирди.
Эске салсак, 28-мартта АКШнын Мамлекеттик департаментинин энергетикалык коопсуздук боюнча кеңешчиси Амос Хокстин Байдендин орус президентине карата катаал сөздөрү Ак үйдүн расмий позициясын чагылдырбайт деп ишендирген. Ал бул билдирүүлөр эмоциядан улам жасалганын баса белгиледи. 26-мартта АКШ президенти Путинди «касапчы» деп кемсинткен. Америкалык лидер сөзүн орус лидери «бийликте кала албайт» деген сөздөр менен аяктаган.
Булак: NazarNews.kg