www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден Трамп тууралуу эмне деп тамашалады?

АКШнын президенти Жо Байден мурдагы мамлекет башчысы Дональд Трамп жөнүндө тамашалап, мамлекеттик документтерди ажатканага агызып салуу керек болгондо аны жардамга чакыраарын ABC телеканалына берген маегинде билдирди.

Сүйлөшүү учурунда телеалпаруучу Жимми Киммел Америка лидеринен документтерден кутулуу үчүн кайсы ажаткананы колдоноорун: жекеби же Ак үйдүн кеңсесинде жайгашканбы деп тамашалап сурады.

Киммелдин суроосуна Байден "Мен Трамптты жардамга чакырам" деп жооп берди, бирок андан кийин маанилүү документтерди жок кылбаганына ишендирди.

Буга чейин, февраль айында Axios Ак үйдүн айрым кызматкерлери ажатканадан бырышкан документтерди табышканын билдирген. Алар Америка Кошмо Штаттарынын экс-президенти кагаздардан ушундайча кутулууга аракет кылган деп эсептешет. Мындай билдирүү New York Times гезитинин журналисти Мэгги Хабермандын “Мошенник” китебинде жазылган. Кийинчерээк Трамп бул билдирүүлөрдү фейк деп атаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости