www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка Кошмо Штаттарынын Украинадагы жаңжалдагы максаты бул өлкө демократиялуу болуп, ар кандай чабуулдан өзүн коргой алышы. Бул тууралуу Американын президенти Джо Байден The New York Times гезитине жазган макаласында билдирди.
Байден "эркин дүйнө жана АКШ баштаган башка өлкөлөр Украина тарапта болуп, болуп көрбөгөндөй аскердик, гуманитардык жана каржылык колдоо көрсөткөнүн" белгиледи.
Буга байланыштуу, ал Кошмо Штаттардын максаттарын ачык-айкын баяндоону зарыл деп эсептейт.
"Американын максаты жөнөкөй: биз демократиялуу, көз карандысыз, суверендүү жана гүлдөп өнүккөн Украинаны көргүбүз келет, ал мындан аркы агрессияны токтотуп, коргой алат", - деп баса белгиледи Ак үйдүн башчысы.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg