www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Джо Байден Украинага 33 миллиард доллар жардам бөлүүнү сурап, Конгресске кайрылганын билдирди. 28-апрелде Ак үйдө сүйлөгөн президент Кошмо Штаттар Украинага орус агрессиясына каршы күрөштө көмөгүн улантарын, курал-жарак менен камсыздоону көбөйтө берерин белгиледи.

Байдендин айтымында, көп аракет көрүүгө, жогору баа төлөөгө туура келсе да, агрессорду токтотуу зарыл. Америкалык лидер орус президенти Владимир Путинге Украинаны жеңүүгө жол берилсе, анын агрессордук ниети ого бетер күчөйт деп айтты.

Байден Украинага жардам берүү менен АКШ Орусияга чабуул койбогонун, баскынчылыкка туруштук берүүгө өбөлгө түзгөнүн баса белгиледи. Президент Вашингтон украин жергесине аскерлерин жөнөтпөсүн кайталап, бирок өнөктөшөтөр менен бирге артиллериялык жабдуу жана танктар өңдүү оор куралды жөнөтүүнү көбөйтөрүн айтты.

Ал ошондой эле Орусия Украинада өз максаттарына жетпей жатканын сезип, андыктан Путин өзөктүк курал менен коркутуп жатат деген ою менен бөлүштү.

Орус мамлекет башчысы өзөктүк куралды түздөн түз сөз кылбаганы менен шаршембиде Орусияга Украинада “стратегиялык коркунуч” жаралса, “чагылгандай тез чабуул коюларын” эскерткен.

Байден сураган 20 миллиард доллар Украинага жана кошуна өлкөлөргө аскердик жардамга багытталмакчы, 8 жарым миллиард Киевге экономиканы көтөрүүгө, 3 миллиард гуманитардык жардам катары берилет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости