www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бакыраң көз аталган Өмүрбек Бабанов деген туруксуз саясатчы кыргызга аттын кашкасындай таанымал. Кызыгы, бийликте ким ага сес көрсөтүп койсо куйругун “алага” түйүп, эли менен коштошуп Кыргызстандан жылт коет. 

Бери жакты эле айтканда Бабанов 2022-жылдагы окуяда “Мен силерге айтпадым беле? Кыргыз элим, силердин башыңарга оор иш түшкөндө кайтып келемин”, дегенде элдин оозу ачылып, айрымдарынын жүрөгү токтоп кала жаздаган. 

Саясатта Бабанов эч качан утулган жок, мамлекетте ызы-чуу болгондон пайдаланып тээ башынан дасыккан. Айдар Акаевдин айрым мүлктөрүн өз карамагына өткөрүп алганы да айтылып жүрөт. Ошондой эле “Республика” партиясын түзө калып, мамлекеттин мыйзамдарына туура келбеген мамлекеттик ири ишканаларды ачып, партиялаштарын тоноп келсе, эки партиянын башын бириктире коюп “Республика-Ата-Журт” деп ураан чакырып Камчыбек Ташиевди “кидала” кылганы баарыбызга дайын. 

Деги койчу ушул Бабанов саясатта эч эле чоңойбой койду. Шыбырт эткен добуш чыкса эле жан-жакасын карабай коенектей болуп алдыга чуркай берет. Алсак, Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда, “Бабанов президент” деген ыр чыгартып, ырдатып, ал ырынын ордуна алеки саатта “Бабанов аферист” деген темага айланып коомчулукка желдей тараган. 

Саясатта бала боюнча калган Өмүрбек Бабанов так ушул таптарда дагы акырын бийликке көз артып, кылтыңдап Путинге кире албай, Кремлдин короосун сагалап жүргөнүн уктук. Дүйнөнү солкулдатып турган Путин, Орто Азияны бир уучка киргизип жатканын Бабанов байкадыбы, же АКШ менен тыгыз иштешкен Бабанов ОБСЕ, НПОлорунан жүзүн буруп Путинге актанганга бардыбы деген ой кетет. 

Урматтуу аргымак минип, ак кийизге олтуруп, хан тактыда чалкалагысы келген кыргыздын айрым саясатчылары, көптөн көп өтүнүч, баарыңарга макулбуз, бирок Путинден “добро” алат элемин деп, Кремлдин эшигин сагалап жүргөндү токтоткулачы! Кыздын сыры төркүнүнө маалым демекчи, силердин сырыңар Путинге маалым, кимиңер ууру, кимиңер туура беш колдой так билет.

Баса, Кремлдин кароолчусу менен жоолугуп алып деле, Кыргызстанга келгенден кийин, “Путин мага “добро” берди. Мен президент боломун” деген апыртмаңарды койсоңор боло. 

Путин бул дүйнөлүк аренадагы Байдендин башын айланткан кыраан дүйнөлүк лидер. Ал Кыргызстандын эки жүздүү саясатчылары эмес, АКШнын ар бир саясатчысын алаканга салгандай билген кыраакы чекист, караңгыда жол тапкан элин туңгуюктан чыгарган президент.

Силер ат арытып Москвага барбасаңар деле Кыргызстандагы ким таза саясатчы экенин ачык-айкын билип турат. Жалпак сөз менен айтканда Москвага авиа билет алып калсаңар эле Кремлди самап же сагалай бербегиле Чыпалак айткандай “елин сйгон алтындрм”. Путин силердин майда барат сөзүңөрдү уга бергидей баркы кеткен БАЙДЕН эмес. 

Мындан кийинки сөз Кремлди сагалап жүргөндөрдүн катарын толуктаган октябрь качкыны, “балашка” Сапар Исаков тууралуу болот.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости