www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 15-январда АКШнын Каржы министрлиги Кыргызстандагы "Керемет банк" банкына санкция киргизди. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлиги билдирди.
Белгилүү болгондой, 2024-жылдын жайынан бери бул банк өз ишин орусиялык чиновниктер жана Промсвязбанк менен координациялап келет. Санкциялардан качуу схемасынын алкагында "Керемет Банк" Промсвязбанктын атынан чек ара аркылуу акча которууларды жүргүзгөн. Экинчи банк Орусиянын коргонуу тармагында иштегендиктен 2022-жылы санкцияланган.
"Банк Орусиянын аскердик-өнөр жай базасынын ишканаларын каржылык колдоо үчүн миллиарддаган доллар бөлдү", - деп билдирди АКШнын Каржы министрлиги.
2024-жылы Кыргызстандын Каржы министрлиги “Керемет банктын” акцияларынын көзөмөл пакетин “орус өкмөтү менен байланышы бар орус олигархына жакын” фирмага саткан. Бирок министрлик компаниянын атын ачыктаган жок. Америкалык агенттик "Керемет банкты" сатып алуу Орусия үчүн санкцияларды айланып өтүү жана импорт-экспорт төлөмдөрүн жүргүзүү үчүн атайын борбор түзүү максатында жасалганын баса белгиледи.
Маалымат үчүн айта кетсек, АКШнын Мамлекеттик департаменти 150дөн ашык юридикалык жана жеке жактарга, анын ичинде Орусиянын коргонуу өнөр жайынын кеңири чөйрөсүндөгү компанияларга каршы санкцияларды киргизүүдө. Жаңы чектөөлөр жалпысынан 15 каржы институтун жана 1 жеке адамды камтыйт. Алар Орусиянын аскерий өнөр жайын колдоо үчүн санкцияларды айланып өткөн деп айыпталууда.
Эске сала кетсек, буга чейин Жо Байден баштаган АКШ администрациясы Орусиянын энергетика тармагын бутага алган жаңы жана олуттуу санкциялар пакетин киргизген. Маалыматтарга караганда, бул чектөөлөр Орусиянын энергетика тармагына киргизилген эң катуу санкциялар.
А Байдендин бактылуу мүнөттөрүнө болгону 4 күн гана убакты калды. Ал бийликте турган көп убакытын кара тизмеге жана Зеленскийге арнады.