www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кошмо Штаттарда Американын президенти уулу Хантер Байдендин жеке сүрөттөрүнүн дагы бир бөлүгү жарыяланды. Сүрөттөрдө унааны катуу ылдамдыкта айдап, ошол эле учурда баңги затын колдонуп баратканы чагылдырылган.

«Хантер Байден Вегаска бараткан жолдо саатына 172 миль (дээрлик 277 км/саат) ылдамдыкта айдап баратып, крек (баңги заты) чегип жатканын тартып алган», - деп жазат New York Post.

Белгиленгендей, жарыяланган сүрөттөр 2018-жылы тартылган жана АКШнын азыркы президентинин уулунун ноутбукунда сакталган. Хантер Байден баңгизат колдонгон сүрөт ошол жылдын июнь айына, ал эми АКШнын жолдорунда уруксат берилген максималдуу көрсөткүчтөн эки эсе ашкан экинчи сүрөт августка даталанган.

Буга чейин АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын киреше жана чыгаша боюнча комитетинин төрагасы Жейсон Смит 2022-жылы АКШнын Ички киреше кызматы өлкө президентинин уулу Хантер Байденге салык төлөөдөн качкан деген айып менен кылмыш ишин козгоону сунуштаганын билдирген. Ал 2,2 миллион доллар өлчөмүндө салык төлөгөн эмес. Бирок Юстиция министрлиги тергөөгө тоскоолдук жараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости