www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын Уттар-Прадеш штатынын 28 жаштагы Назиш аттуу тургунуна апасы донор болуп, Курман айт майрамын үй-бүлөсү менен майрамдаганын The Times of India басылмасы маалымдайт.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын январында Назиш ашказанынын ооруп жаткандыгына нааразы болгон. Жыйынтыгында анын бөйрөгү ооруп жатканы аныкталган. Дарыгерлер бейтаптын бөйрөгүн алмаштырууга муктаж экенин айтышып, операция 1,2 миллион сом кетерин айтышкан. Бирок мындай сумманы чогултуу аялдын ата-энеси Салим менен Сабила үчүн өтө оор болгон.

Операциянын ордуна Назиш диализ процедураларын ала баштаган. Дарылануу жүргүзүлгөн медициналык борборлордун биринде аялдын ата-энеси оор каржылык абалдагы үй-бүлөлөргө медициналык камсыздандыруу боюнча жеңилдиктерди бере турган программа менен таанышкан. Ооруган аялдын жакындары программага катталып, керектүү документтерди толтурууга жардам беришкен. Дарыгерлер үй-бүлөдөн донор таптыңарбы деп сурашканда Сабила бойго жеткен кызына бөйрөгүн бергиси келгенин айткан.

20-июнда хирургдар бөйрөк алмаштыруу операциясын ийгиликтүү жасашкан. Апасы менен кызы сегиз күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, андан соң ооруканадан Курман айт майрамын чогуу тосуу үчүн үйүнө жөнөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости