www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сулаймановдун суу куйчу жерине суу куюп, ордун тартып алган Ысык-Көл облусунун жетекчиси Илияз Иманбетов көлдү өзү билип мыйзамсыз иштерге барууда. Ошондуктан президент сөөмөйүн көрсөтүп, сөгүш жарыялады. Илияз Иманбетов Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан коомдук тамактануу объектилерин мыйзамсыз каалагандай курууга жол берген. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Иманбетов Илияз Женишовичке сөгүш берилди.  

Эске салсак, президенттин "Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляждык зоналарга кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө" Жарлыгын аткаруу жоопкерчилиги Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, мамлекеттик райондук администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жүктөлөт.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунун айрым пансионаттарында дарбазалар, тосмолор толугу менен алынып салынган эмес, ошондой эле көлдүн жээгинен курулуш материалдары ушул күнгө чейин чыгарыла элек.

 Алтынбек Сулайманов болсо кызматынан эмне үчүн кеткени тууралуу чындык айтылбай жатат. Башкы прокурор Зулушев жана башка атын жазбай турган “жол башчылар” Алтынбек Сулаймановго келишип жер беришин талап кылышат.Чала-була болсо да мыйзамды сактаган Алтынбек Сулайманов аларга жер берип булганганды ойлобой, кызматынан кетүүгө бел байлайт. Бул да болсо Алтынбек Сулаймановдун жигиттиги, аларга жер берип бутуна жыгылгыча кызматынан кетип калганы эле оң. Кызмат кайра кайрылып келер, ал эми абийирди каяктан табабыз?

Ысык-Көл губернаторлугунан Алтынбек Сулайманов өз арызы менен кеткен. Негизи бул күтүлгөн көрүнүш болчу. Буга чейин ага карата сөгүш берилген. Ич ара оюндар жүргөнү, бийлик төбөлдөрү менен келише албаганы айтылбаса да сезилип турган эле. Бир жагынан Баткенде согуш болуп, 62 жараныбыз каза таап, чоң жоготууларга, кыйроого учурадык.

Мунун баары саясый кырдаалга кескин түрдө таасир этет. Арканды алыс ыргыткан Алтынбек Сулайманов эртелей кызматын таштап, бийлик менен келише албаганын кыйытып, баса берди. Жарым жыл губернатор катары кандай иштегенине эл баа берет. Али убакыт бар. А эң башкысы, каарманыбыз шайлоого даярдана турганын, саясый күчтөр менен кызматташарын аңдадык. Президенттикпи, же парламенттик күрөшкө аттанабы, азырынча ачыктала элек. Сыягы, оппозиция жааты күчтөнүүгө бара жатканы байкалууда.

Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 71-беренесинин негизинде Иманбетов Илияз Жеңишович президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Иманбетов буга чейин финансы министринин биринчи орун басары кызматын аркалап келген.Эми ал “ме” деп жерди берип жиберсе бул тууралуу да сөз болор.

 «Тумшук талкалагыч», диплому жасалма Алтынбек Сулаймановду бийлик алдап-соолап Ысык-Көлгө губернаторлукка жылдырган. Бары бир бир өч деген, өч эмеспи, бир эмес, эки кишинин мурдун жанча койгон Алтыш жоругу азыр да нечендерди кызыктырып турат. Албетте, мындай жоругу менен губернатор болуп турса туура эмес эле. Эми башкалар бийликке келгенде губернатор болор, эптеп Алтышты губернаторлуктан кетириш керектиги чын болчу. Балким коштошор аяк деп, кат жаздырышкандыр:

 «Урматтуу мекендештер!

Баарыңыздарга маалым, мен дайыма өлкөбүздүн аймактык башкаруусун түп-тамырынан реформалоону сунуштап келгем. Ар дайым жергиликтүү бийликтин ишин сындап, губернаторлор, акимдер, айыл өкмөттөр толук кандуу иш жүргүзө албай жатканын да айтып келгем.

«Ат баспайм деген жерин миң басат» дегендей, тагдыр буйруп өзүм губернатор болуп калдым. Жергиликтүү бийликтин ишин жон терим менен сезип, ичинен көрдүм. Жергиликтүү бийликте бүгүнкүдөй башкаруу болуп турганда, элетте эч кандай өнүгүү болбосуна көзүм жетти. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги олуттуу реформага муктаж.

Борбордук башкарууну децентрализациялоо керек. Мен саясатчы, сөзүнө бек турган инсан катары ар бир баштаган ишимди аягына чыгарууга аракеттенип келем. Мындай жергиликтүү башкаруу системасы иштеп турганда аракеттерим текке кетерине көзүм жетти. Ошондуктан, мен Ысык-Көл элинин да, өзүмдүн да убактымды кетирбей, өз каалоом менен кызматымды тапшырууну чечтим», - деген Сулайманов.

2000-жылдары  алюминийпуруш Мамановдун шопуру болуп жүрүп эч жерден окубай туруп дипломду сатып алган, окуган адамдар ким менен бирге окуп, группалаш болгонун билишет да,сатып алган кишинин группалаштары болобу?  Кыскасы, дипломун сатып алган. Анын жасалма диплому менен депутат болгонун билишкендер эптеп парламенттен чыгып кетиши үчүн Ысык-Көлгө губернаторго кетирген. Эмне губернаторго сатып алган диплом менен иштей берсе болот бекен? Эми муну УКМК иликтесе Сулайманов губернаторлуктан да кол жууйт. Боксер Сулаймановдон тумшуктарын талкалатып жүрчү мамлекет башындагылар аны губернаторлуктан жок кылышып, бир кездеги өчтөрүн алышат окшойт. Бирок, «Бир бол» партиясын түзүп берген Досалы Эсеналиевке кайрылса дагы бир акыл табаар.

Ысык-Көлгө губернатор болгону Алтынбек Сулайманов мойнунан байланып жетеленип калган. Бир убакта тентектик кылып азыр мамлекет башында тургандардын тумшугун жара койгон Сулайманов Алтынбек. Анын муштумунун салмагы сайдын ташындай ал кездеги президент Атамбаевке каршы турган адамдарды элдин көзүнчө ыза кылганы үчүн аны Атамбаев даңазалап «Алтын бала» деп эркелетип, өз алдынча «Республикадан» бөлүп «Бир бол» партиясын түзүп берип, элиталык бийликке кошкон. Канча акча бергенин ким билет, бир Атамбаев, бир Сулайманов эле билбесе. Бирок, Атамбаевдин башына күн түшкөндө Жээнбековдун колтугуна кире качып, Атамбаевдин кол тийбестигин алып, камаш керек деп божурап чыккан. Эми тумшугун талкалатып алгандар Ысык-Көлгө губернатор кылышты. Ал    «Республикадан», «Бир болго» келгенде Мыктыбек Абдылдаев, Акылбек Жапаров, Исхак Пирматов, Кубанычбек Жумалиев деген эски көпөстөрдү топтоп алган. Бул шайлоодо «Бир болу» өтпөсүнө көзү жетип, «Альянска» өтө качкан.

. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости