www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Каржы министрлиги Орусиядан жана Беларустан 13 киши менен 20 компанияны санкциялык тизмеге киргизди. «Назарньюс» маалыматтык порталынын билдиргенине караганда, Байдендин Орусияга карата санкциялары көнүмүш адатка айланды
“Кара тизмеге” киргендер катарында Швециянын жараны жана Пермде туулган Сергей Скворцов бар. Ал Швецияда Орусиянын кызыкчылыгы үчүн тыңчылык кылып жүргөн деп айыпталып, кийин акталган. АКШнын санкциясына беларустук ишкерлер Александр Шакутин, Павел Топузидис жана Виктор Петрович да кирген. Вашингтон аларды “Александр Лукашенконун капчыгы” деп атайт. Чектөө Беларустагы Кызыл Крест уюмунун башкы катчысы Дмитрий Шевцовго да тиешелүү. АКШнын санкциясына кабылган компаниялардын тизмесине Орусиянын коргонуу тармагы менен байланышта болгон беларустук ишканалар кирди.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg