www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызматынан кетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Бакыт Төрөбаев билдиргенин айрым маалымат булактар жазды.
“Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары катары жакшы иштеп берди, тажрыйба топтоду. Өзүн саясий чөйрөдө жакшы көрсөтө алды. Ал өз ыктыяры менен башка өсүп келе жаткан депутаттарга орун бошотуу максатында кызматын тапшыруу боюнча чечим кабыл алды. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын саясий кеңешинин чечиминин негизинде Уланбек Исмаилов ЖК Төрагасынын орун басарлыгына көрсөтүлдү. Бул чечимди “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаттары сурамжылоонун негизинде колдоп берди”,- дейт Төрөбаев.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg