www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү президенттик шайлоонун айныксыз фавориттеринин бири Садыр Жапаров экени талашсыз. Садыр Жапаров башка президенттерден айырмасы ачууну да, таттууну да көргөн. Биздин акыркы мезгилде мамлекетти жетектегендердин дээрлик бардыгы учурунда эл ишенимине ээ болуп эл жүгүн көтөрүп келгендер.
Кыргыз компартиясын жетектеген баткендик Исхак Раззаков менен Апсамат Масалиев жана нарындык Турдакун Усубалиевдер болгон. Биринчи президент Аскар Акаев чүйлүк, экинчи президент жалал-абаддан Курманбек Бакиев, үчүнчү президент Роза Отунбаева таластык. Төртүнчү президент чүйлүк Алмазбек Атамбаев, бешинчиси оштук Сооронбай Шарипов президент болуп шайланат. Эми көлдүк Садыр Жапаровдун келиши бул кыргыз элинде демократия бар экенине айгине. Себеби, бир гана Ысык-Көлдөн мамлекет башчысы келе элек.
Садыр Жапаровдун ата-тегин шашпай кеп кыларбыз. Кыргыз элине эмне кааламакчыбыз. Ата-бабалар тегиз жашаган бизде башка кошуналар сыяктуу кастага бөлүнүп бири-бирин кодулоо болгон эмес. Ак кийизге салып татыктуу адамды бийлик башына алып келген. Жаңылбай татыктуу адамдарды таап алалы. 2021-жылы 10-январда өтө турган президенттик шайлоодо эл үмүтүн актайт деген депутаттардын көрүнүктүүсү, фаворити Садыр Жапаров экени талашсыз.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg