www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Райымбек 1 млд 223 миллион төгүптүр десе, апасы эгиз туугандай болуп сүйүнүшкөн акылы кем Кемчонтойлор: «Азаттыктын» жааматы, Али Токтакунов, Болот Темиров, атамбаевчи жугундукорлор! Силер утулдуңар!
Райымбек ал акчаны күнөөсү бар үчүн төгүп жаткан жок. Райымбек, ошол силер коргоп-колдогон ууру, керегинче уурдап, бирок бир тыйын чыгаргысы келбеген Атамбаевиңердин, тарыхый ыйык делген музейге бети жоктук менен кол салган Сапарыңардын, Атамбаев экөө бажыны керегинче жеп, өз кылмыштарын орун басар болуп үч эле жыл иштеген Райымбекке шылтаган Кулматовуңардын көчүгүн жаап, төлөп отурат.
Райымбек Матраимов акыркы жыйырма жылдар аралыгында өзүнүн «Исмаил Ата» фондунан өз элине эбегейсиз кайрымдуулук иштерди жасады. Башканы айтпаганда да, жаз айларында, коронавирус күч алганда төрт ай бою тыным жок, аябай чоң жардам көрсөттү.
Тактап айтканда, өкмөт Абылгазиев Райымбек кылган иштин бир чекесин да кыла алган жок. Мына ошондон кийин да Райымбекке карата жүргүзүлгөн адамгерчиликсиз, акыйкатсыз мамилелерди көрүп, зээним кейип, мен бүгүн: жугундукорлордун, трайбалист эл бузарлардын, нан тепки айбандардын, тузун ичип туздугуна түкүргөн көр маңкурттардын атынан Райымбек Матраимовдон кечирим сурайм:
Жарды дебе, колунда жок адамды
Жакшылыкты унуткан адам жарды
Райымбек, кечирип кой колдон келсе
Жакшылыгың билбеген манкурттарды
Байкуш дебе, байпагы жыртык жанды
Байкуш дегин «хан сарайды» аңдыганды
Боорукер мүнөзүңдү тепселешти
Райымбек, кечирип кой байкуштарды
Канчалык сооп иштер кылсаң дагы
Калкыңа ачып колуң сунсаң дагы
Тузуңа түкүрүштү нан тепкилер
Райымбек, кечирип кой сен аларды
Алпештеп музейге кол салгандарды
Алты жүз доллар аттиш алгандарды
Азабын акыретте Кудай берсин
Райымбек, кечиргин ал айбандарды
«Кара» деп, аппак сүттөй агыбызды
Калп айтып жей баштадык жаныбызды
Калыс сөз айта албай карып болдук
Райымбек, кечирип кой баарыбызды.
Шамурза Борукулов. 2020-жыл.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg