www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мен Жээнбековдун кызматын тапшырышын колдогон жокмун», - дейт Аида Касымалиева. Бул тууралуу вице-спикер жергиликтүү басылмалардын бирине берген интервьюсунда билдирди.
Анын айтымында Жээнбеков президенттик кызматта калып, Жапаров вице-премьер министр болушу керек эле.
«Мен Жээнбеков менен 2-3 жолу байланыштым. Ошол кезде кызматтан кетүү жөнүндө сөз болгон эмес. Ал парламенттик жана президенттик шайлоону өткөрүп анан өз каалоосу менен кызматтан кетмек. Бирок андай болгон жок.
Мен Жээнбековдун кетишине каршы болдум. Көптөгөн аттуу-баштуу саясатчылар экс-президентти өлкөдө туруктуулук орногонго чейин эл бийлик башында болуусун колдогон. Жада калса Жээнбековдун өзү өлкөдө легитимдүү бийликти орнотуп анан кызматын тапшыраарын айткан. Бирок, бир түндүн ичинде өз чечимин өзгөртүп, кызматын тапшырды. Анын бул чечимине ким түрткү болгонун мен айта албайм», - дейт Касымалиева.
Ошондой эле ал 15-октябрдан кийин Жээнбековдун чечим туура болгонун түшүнгөнүн айтты.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg