www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Apple компаниясы аккумулятордук батарея технологиясы менен өзү башкарган электр унаасын жасоону каалап жатат. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги жазды.
Компания мындай машинаны 2014-жылы Project Titan деп аталган долбоордун алкагында иштеп баштаган. Бул проект 2024-жылга чейин бүтүрүү пландалууда. Келечектеги унаанын негизги өзгөчөлүгү – батарея менен иштейт. Бул автомобилдин чыгымын "радикалдуу" төмөндөтүп, басып өткөн аралыкты көбөйтө алат.
Бирок, Apple компаниясынын пландарына коронавирус пандемиясы таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан, өндүрүштүн башталышы 2025-жылга жылдырылышы мүмкүн.
Компания бул унаалар тууралуу ЖМКга азырынча комментарий бере элек, бирок аталган долбоор тууралуу дагы четке каккан жок.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg