www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШдагы президенттик шайлоодо утулган Дональд Трампка психологиялык жактан жаракат алгын. Бул тууралуу италиялык психолог жана психотерапевт Сара Реджинелла билдирген.
Анын айтымында, оппоненттери жана жарандар тарабынан кемсинтүү факторунан тышкары Трамптын напсисине дагы сокку урулган жана "бул жара азырынча айыга элек". Ошондой эле, Реджинелла кошумчалагандай, бийликти жоготуу фактысы азыркы президенттин эмоционалдык абалына чоң таасир калтырган.
Маалыматка ылайык, 17-декабрда Трамп ачууланып, Ак үйдөн кетүүдөн баш тартканы маалым болгон. Чындыкты кабыл алгысы келбеген учурларында Трамп бир нече кеңешчилерине жаңы шайланган президент Джо Байдендин инаугурациясы күнү ал америкалык лидерлердин резиденциясында калаарын айткан. Бирок, анын мындай жүрүм-турумуна карабастан, Трамптын айланасындагылар анын бийликтен тынч жана өз убагында отставкага кетээрине ишеним билдиришкен.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg