www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда, маалымат айдыңында ырчы Бактыгүл Бадыеванын атынан билдирүүлөр тарады. Билдирүү жакында Орусияда орун алган кыргыз-тажик массалык мушташына карата айтылган пикир иретинде мүнөздөлгөн.

Айрым маалымат каражаттары бул пикирди ырчы айтты деп жазып чыгышты. Бирок ырчы эч кандай оюн билдирбегенин, эч кандай билдирүү жазбаганын айтат.

"Мага бул маалыматты курбум жиберди, окуп алып нес абалда калдым. Айтпаган нерсени айтты деп жатса жаман болосуң. Мындай маалымат кайдан чыкканын билбейм. Негизи ушактарга көңүл бурбайм, анткени мага кызыксыз. Мен эч качан адамдарды улутуна карап бөлгөн эмесмин. Бул тууралуу оюма дагы келбейт. Анан дагы күндөлүк лексиконумда сасык деген сөздү колдонгон эмесмин.

"Жаман улут болбойт, жаман адам болот" дешет эмеспи. 10 жылдан бери сулуулук салонду иштетип келем, анда ар кайсы улуттун кыздары бар, баарыбыз бир үй-бүлө болуп иштеп келе жатабыз.

Эми муну жазгандарга кандай чара колдоном ойлонуп жатам. Кечке жуук юристтер менен кеңешем. Бул нерсени калтырып койгон болбойт деп ойлойм, анткени кийин мындай көрүнүш кайталанып, башкалар дагы жабыр тартып калышы мүмкүн", - дейт ырчы.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарга ырчынын атынан "Урматтуу жигиттер, тажиктердин койнунда жатып жүргөн сасык кыздар үчүн өмүрүңөрдү тобокелге салбагыла" деген билдирүүлөр тараган. Айрым маалымат сайттары Бактыгүл Бадыевага таянып, ушул пикирди жазып чыгышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости