www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо админресурс колдонулган жок. Мындай пикирин NazarNews маалымат агенттигине Нарын облусунун тургуну, экс-Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева билдирди.
«Президент бул жолку шайлоодо элге өтө жакшы шарт түзүп берди. Эми азыркы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондорду эл шайлабаса кантип депутат болот? Аларды эл шайлабай жатса, буга ким күнөөлүү? Президент күнөөлүүбү? Же өкмөтпү? Буга бир гана өздөрү күнөөлүү. жыл сайын эле эл шайлоонун убарасын тарта береби? Ансыз деле Кыргызстан азыр чоң кризисти баштан өткөрүп жатат. Эл кыйналып бүттү», - деди ал.
Жогорку Кеңешке шайлоого 21 партиядан миңден ашуун бир мандаттуу округдардан 282 талапкер ат салышты. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат келет.
Булак: NazarNews.kg