www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бактыбек Бекболотов Ирак жана Сирия лагерлериндеги балдарды жана аялдарды кайтарып келүү боюнча миссиялар олуттуу ресурстарды, координацияланган аракеттерди жана жогорку деңгээлдеги жоопкерчиликти талап кылганын белгиледи. Алардын ишке ашыруу эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосунун аркасында мүмкүн болду, алардын ичинде ЮНИСЕФ башкы ролду аткарды.

“ЮНИСЕФтин балдардын укуктарын коргоо жаатындагы тажрыйбасы зор жана биз үчүн өтө маанилүү. ЮНИСЕФтин чыр-чатак зоналарынан кайтып келген балдарды жана аялдарды стигматизациялоонун жана басмырлоонун алдын алууга көмөктөшүүгө даярдыгын өзгөчө баалайбыз”, - деп жыйынтыктады Бактыбек Бекболотов. 

Өз кезегинде Самман Тапа Кыргыз Республикасынын жарандарын Ирактын жана Сириянын лагерлеринен репатриациялоо боюнча мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан ишти жогору баалап, алар оор шарттарда болгонун, ошондой эле Кыргызстандын бул багыттагы аракеттери аймактык гана эмес, глобалдык деңгээлде да үлгү болуп саналаарын белгиледи.

 

Последние новости