www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баку-Бишкек-Баку түз аба каттамы ишке киришти

Баку-Бишкек багыты боюнча алгачкы рейс жекшемби күнү «Манас» аэропортуна келип конду.

Бул үзгүлтүксүз авиакаттамды Азербайжандын "Азербайжан аба жолдору" (AZAL) авиакомпаниясы жумасына бир жолу - жекшемби күндөрү аткарат. 
Баку-Бишкек-Баку каттамы Баку-Лондон, Баку-Париж, Баку-Нью-Йорк жана башка өлкөлөргө учуу багыттары менен биригет. Бул кыргызстандыктар үчүн түрк авиакомпаниялары аркылуу Стамбулдан башка мамлекеттерге учуу каттамдарындагы монополияны төмөндөтөт.
Ушул тапта аталган багыттар боюнча билеттер AZAL авикомпаниясынын сайтында сатылууда.

Баку менен Бишкектин ортосундагы түз авиакаттам ачуу демилгеси Кыргызстан менен Азербайжан лидерлеринин 2022-жылдагы эки өлкөгө жасаган расмий визиттери учурунда макулдашылган. 

Аны аткаруу кыргыз-азербайжан Өкмөттөр аралык комиссиясынын тең төрагалары - Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Азербайжан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Али Ахмедовко жүктөлгөн. 
Ошондой эле Бакыт Төрөбаев 2023-жылдын март айында Азербайжанга болгон жумушчу сапарынын алкагында AZAL  авиакомпаниясынын жетекчиси Жахангир Аскеров менен жолугуп, Бишкек менен Бакуну байланыштырган түз аба каттамын ишке киргизүү жана авиаташууларды жүзөгө ашыруу маселеси чечилген. 

Айта кетсек, "АЗАЛ" Азербайжандын ири улуттук авиакомпаниясы болуп эсептелет. Ал эл аралык аба транспорту ассоциациясынын мүчөсү. Компания Европа, КМШ, Түндүк Америка өлкөлөрүнө жүргүнчүлөрдү ташыйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости