www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Юрий Низовский уюштуруп, эл аралык бийик деңгээлге жеткирип койгон даяр системаны башкаралам деген азаматтар жаңылат. Мындай пикирин саясий эксперт Бакыт Бакетаев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

--№61 мектептин директору Юрий Низовский коррупцияга шек саналып кармалды. Анын камакка алынышы  коррупциялык схема мектептерге чейин жеткенинен кабар береби?

--"30 жылда Кыргызстанда миңдеген мыйзамдар чапырашты кабыл алынып, бири-бирине каршы болгон, бири-бирин жокко чыгарган көрүнүштөр өтө көп. Өндүрүштө жүз пайыз мыйзамдарды аткарып ийгиликке жетиш өтө кыйын. Коррупция деген берененин аныктамасы топ сыяктуу. Каякка тепсен ошол жака томолонуп кете берет. №61 мектептин аброю, жетишкендиктери абдан бийик, окуу процесси терең жана эффективдүү. Ошол Юрий Низовский уюштуруп, эл аралык бийик деңгээлге жеткирип койгон даяр системаны башкаралам деген азаматтар жаңылат. Канчасын көрдүк бүлдүрүп тамтыракайын чыгарып мындай эле, тигиндей эле деп баштарын тырмап калат", - дейт саясий эксперт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости