www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков түрк компаниясы RHOFA Energyнин директорлор кеңешинин төрагасы Хазрети Акдемир менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар кыргыз-түрк соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана жашыл энергетика тармагындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.
Бакыт Сыдыков акыркы төрт жылда Кыргызстандын ИДПсынын орточо өсүшү 10,2% түзгөнүн белгилеп, өлкө жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты. Министр Кыргызстан RHOFA Energy компаниясынын инвестициялык долбоорлорун колдоого даяр экенин билдирди.
Өз кезегинде Хазрети Акдемир Кыргызстандагы экономикалык өсүш түрк бизнесинин кызыгуусун арттырып жатканын белгилеп, 100дөн ашуун түрк ишкерлеринин Кыргызстанга сапарын уюштурууга көмөктөшүүгө даяр экенин айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ишкердик байланыштарды активдештирүү жана эки өлкөнүн соода-экономикалык алакаларын чыңдоо боюнча макулдашышты.