www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ун комбинаттарынын, өсүмдүк майын жана кумшекер өндүрүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууга 20 ашуун компаниянын өкүлдөрү катышты.
Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү агроөнөржай секторунун ролун жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Ал Министрлер Кабинети тарабынан агрардык секторду мамлекеттик колдоого алуу, жеңилдетилген кредиттер менен камсыздоо аркылуу агроөнөржай кластерлерин өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.
«Негизги 9 айыл чарба кластерине 10 млрд сом бөлүнгөн. Мамлекеттик банктар жылдык 6 пайыз менен кредиттик каражаттарды бере баштады», - деди Бакыт Төрөбаев.
Жолугушуунун жүрүшүндө агроөнөржай ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.
Булак: NazarNews.kg