www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары  Бакыт Төрөбаев бизнес-ассоциациялардын жана бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Бакыт Төрөбаев өлкөнүн өнүгүүсүндөгү бизнестин маанилүү ролун белгиледи.

"Бизнес - өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүдөгү локомотив болуп саналат жана Министрлер Кабинети тарабынан бизнес үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу максатында колдон келген күч-аракеттер жумшалат. Кыргызстанда 2896га жакын ишкер бюджетке салыктык түшүүлөрдүн негизги бөлүгүн камсыздайт. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө ишкерлердин көлөмдүү салымы бар жана өлкө жетекчилиги муну жакшы түшүнөт. Буга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын июнь айында ишкерлер менен чоң жыйын өткөрүү сунушталууда. Биз бизнес менен биргеликте форум ийгиликтүү жана жемиштүү өтүшү үчүн жолугушуунун форматын талкуулагыбыз келет", - деди Бакыт Төрөбаев.  

Бизнес-ассоциациялар мамлекеттик органдар менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүнө кошумча түрткү бере турган бир катар сунуштарды киргизди.

Ошондой эле кеңешме алкагында бизнес форумду уюштуруу жана аны өткөрүү маселелери талкууланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости