www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинде ведомствого караштуу уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жана Мамлекеттик персонификация боюнча борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Бакыт Төрөбаев санариптештирүү, «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумунун алкагында жаңы мамлекеттик кызматтарды ишке киргизүү боюнча иштерди күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана ага карай калктын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле ал көчмө жыйындын алкагында министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгү менен да таанышты.

Ведомствонун милдеттерине төмөнкүлөр: мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана ишканалар, ошондой эле менчик формасынан көзкарандысыз түрдө юридикалык жана физикалык жактар тарабынан жеке маалыматтарды иштеп чыгууну өлкөнүн жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына шайкеш келүүсүн көзөмөлдөөнү камсыздоо, жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын коргоо, Кыргыз Республикасындагы жеке маалыматтарды коргоого байланыштуу абал жөнүндө калкты маалымат менен камсыз кылуу кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости