www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оштун жаңы мэри Бакыт Жетигенов кадр саясатында ката кетирип баштады. Ага карата эмитеден эле нааразы пикирлер айтылууда. Ал алгач эле ишти өзүнө кеңешчи дайындоо менен алек болду. Муктар Зулпукаров деген этеги жаман жеринен айрылган немени кеңешчи кылып жанына ээрчитип алганын көпчүлүк жактырган жок.
Муктар Зулпукаровдун өткөн чагына саресеп сала турган болсок, анын кылмыш чөйрөсү менен байланышы болгондугу, андан башка да былыктары калкып чыгууда. Оштун эли ишенип, үмүт артып турганда, Бакыт Жетигенов туура эмес кадамдарга барбаш керек эле. Эмитеден эле терс пикирлер айтылып баштаса, арты кандай болоору белгисиз.
Жетигенов өзү адам катары мыкты, депутат катары да бир топ пайдалуу мыйзамдардын автору. Эми ошонусунан жазбаса эле болду. Анын үстүнө мамлекеттик кызматта биринчи жолу иштеп жатат, бечара.
Булак: NazarNews.kg