www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбековдун Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүнүн 33 жылдыгына карай куттуктоо жолдоду.
«Урматтуу Ооган согушунун ардагерлери!
Советтик аскерлердин Афганстандан чыгарылган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
1989-жылы 15-февралда советтик аскерлердин Ооганстан менен СССРдин мамлекеттик чек арасын кесип өткөнүнө, ошону менен Ооганстандагы он жылга созулган согушка чек коюлганына быйыл 33 жыл толду. Ооганстанда кызмат өтөгөн солдаттар жана офицерлер биздин коомдун элитасына айланышты, алар өздөрүн эң ишенимдүү жана асыл адамдар катары көрсөтүштү.
Ооганстан согушунун ардагерлери азыр да өздөрүнүн граждандык парзын ар-намыстуулук менен аткарып, Талас облусунун өнүгүшүнө алгылыктуу салым кошуп жатат. «Ооган согушунун ардагерлеринин коому» коомдук уюму согуштун ардагерлерин бириктирип, алардын куралдаштарын колдоо боюнча бир топ иштерди аткарып, патриоттук иш-чараларды жүргүзүп, жаш муундарды Ата-Мекенди коргоочулар катары тарбиялап, жаштарды тарбиялоодо патриоттуулукка чакырып, аларга дух берүүдө.
Жоокер-интернационалисттерге, бардык согуштардын жана куралдуу кагылыштардын ардагерлерине, алардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына бакыт-таалай, бакубатчылык, ден соолук, облусубуздун жана Мекенибиздин гүлдөп-өнүгүшү үчүн жасаган иштерине ийгиликтерди каалайм. Курман болгондорго түбөлүк эстелик, аскердик милдетин абийирдүүлүк менен аткаргандарга даңк!»
Булак: NazarNews.kg