www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бала бакчага барган 36 бала йогуртка ууланды

Россиянын Оренбургдун Орск шаарында бала бакчанын 36 тарбиялануучусу жергиликтүү өндүрүлгөн йогуртко ууланып, сегиз бала ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Буга чейин облустук саламаттыкты сактоо министрлиги Орск шаарындагы бала бакчага барган бир нече балдар кусуп жатканын билдирген. Учурда жабыркагандарды инфекционисттер карап жатышат. Шаарда медициналык кызматтын иши күчөтүлүп, балдарды ооруканага жаткыруу үчүн керебеттер даярдалган. Облустун саламаттыкты сактоо министри Татьяна Савинова окуя болгон жерге барып, кырдаалды талдоо үчүн ыкчам кеңешме өткөрдү.

Текшерүүнү прокуратура жана Роспотребнадзор департаменти колго алышкан.

"Дарыгерлердин айтымында, 11-июль күнү тез жардам бригадасына 36 жолу чакыруу түшкөн. 3-5 жаштагы балдар шаардын ар кайсы аймактарындагы бала бакчалардын тарбиялануучулары болгон. 8 бейтап ооруканага жаткырылып, алардын абалы орточо оор деп бааланды. Жабыркагандардын бардыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деп билдиришти мэриядан.

Балдардын ууланышына Новотроицк сүт заводунун йогурту себеп болгон, деп билдирет Орск администрациясы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости