www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адис ыдык көрсөтүү психологиялык агрессиядан башталып, кибербуллингге чейин жетерин белгиледи.

 Бала начар уктап, түнт боло баштаса мектептен ыдык көрө баштаган болушу мүмкүн. Бул тууралуу Республикалык психикалык борбордун адиси, психолог Людмила Новиченок  билдирди.

Анын айтымында, ыдык көрсөтүү психологиялык агрессиядан башталып, кибербуллингге чейин жетиши ыктымал.

"Буллинг — бул татаал жана олуттуу көрүнүш. Бала басмырлоонун , шылдыңдын курмандыгы болуп калганын өз убагында түшүнүү маанилүү. Көбү ата-энесине көйгөйүн айта бербейт, бирок жүрүм-турумунда өзгөрүүлөр сөзсүз болот. Мисалы, бала начар уктап, түнт болуп, мектептен маанайы начарлап кайтса ал кордолуп, мазакталып жатышы ыктымал", — деди Новиченок.

Адис өспүрүмдөрдүн көйгөлөрүнүн көпчүлүгү убагында көңүл бурулбагандыктан келип чыгарын, майда-барат нерселерге да "эч нерсе болбойт" деп кайдыгер мамиле жасоого болбой турганын кошумчалады. Анын айтымында, эң башкысы, бала менен убакыт өткөрүп, баарлашып туруу зарыл.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости