www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңеште “Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн 4 миң сомдон 10 миң сомго көбөйтүү сунушталды.
Депутат Нилуфар Алимжанованын айтымында, аталган төлөм 2018-жылдан бери берилип келет. Андан берки инфляцияны эске алганда төлөмдүн өлчөмүн кайра карап чыга турган учур келди.
“Сегиз жылдан бери 4 миң сомдун реалдуу мааниси жана сатып алуу жөндөмү бир кыйла төмөндөдү. Андыктан 4 миң сомдон 10 миң сомго көбөйтүүнү сунуштап жатам. Бул каражат үй-бүлөнүн бардык чыгымын жаппайт, бирок ошол кырдаалда маанилүү колдоо болот”, — деген эл өкүлү.