www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баланы чыйрак өстүр, жоодо сына

Балдарды жаштайынан эмгекке үйрөтүү керек. Бул, албетте, ата-эненин милдети болуп саналат. Ар бир баланын үйдө өз милдеттери болууга тийиш. Албетте, ата-эне болгон соң балага кам көрүп, аябай койбойсуң. Бирок мээримдүүлүктүн дагы чеги болгону дурус. Аша чаап камкордукка алынган бала келечекте эрке, ата-энесине баш бербеген, кайрымсыз адам болуп чоңоюп калышы мүмкүн. Андыктан кайсы курактан баштап баланы эмгекке үндөй баштоо керектигин төмөнкү макаладан окуңуз.

1 ден 3 жашка чейин

Ооба, балаңызды 1 жашынан тартып эмгекке үйрөтө баштаңыз. Мисалы, мындай куракта бала өзүнүн кийимдерин ордуна коюуга, сүт ичип жатып төгүп алса майлык менен сүртүп коюуга жөндөмдүү. 3 жашта болсо күнү кечке ойногон оюнчуктарын кайра оюнчук салган кутучага салууга жарап калат. Албетте, бардыгын идеалдуу кылат деп күтпөңүз. Кээ бир оюнчуктар калып калышы деле мүмкүн. Андайда артынан өзүңүз жыйнап коюңуз. Ошентсе да, муну менен сиз балаңызды жаштайынан эмгекчилдикке үндөп жаткан болосуз.

4 жашта

4 жашка чыгып калган балаңыз болсо, дүкөнгө азык-түлүк алганы баратсаңыз ээрчитип алыңыз. Анткени мындай куракта бала сизге жардамчы болуп, ала турган азык-түлүктөрүңүздү баштыктарга салыштырууда кереги тиет. Ошондой эле мындай куракта үйдө мал жандыктарыңыз болсо, аларга сиздин көзөмөлүңүздүн астында чөп салууга, суу берүүгө жөндөмдүү. Ошондой эле үй жыйнап жаткан маалда бир кичинекей бөлүктү, мисалы, үйдүн кире беришин бөлүп берип коюңуз. Чала-була кылса дагы жардамы тиет. Жуулган байпактарды, бет аарчыларды берип койсоңуз, жайып чыгууга да алы жетет.

5 жашта

5 жашта бала өзүнүн бөлмөсүн жыйноого, апасы пицца жасап жаткан болсо, сырды кыргычтан өткөрүп берүү сыяктуу иштерге жарап калат. Ошондой эле өзү кийинип-чечинип, жуулуп, кургаган кийимдерди бүктөп өз ордуларына сала алат. Үйдө чогулган таштандыны таштанды салгычка төгүп келүүгө дагы жөндөмдүү.

6 жашта

Бул куракта бала үйдү чаң соргуч менен тазалоого, бөлмө гүлдөрүн сугарууга, жашылчаларды тазалоого, жумуртканы сууга бышырууга алы жетет. Эгерде жер тамда жашасаңыз, кышында кичинекей кар күрөгүч менен короодогу карды, күзүндө жалбырактарды тазалай аларынан шек санабаңыз. Албетте, короону толук тазалап чыга албаса дагы, жумуш кылуу кандай экенин жон териси менен сезе билет. Ал эми 6 жашка чыгып калган кыз бала апасынын үйрөткөнү боюнча тамактануу алдында столдун үстүн сервировкалоого жарайт.

7 жашта

7 жашка чыккан бала өзүнүн буюмдарына жоопкерчилик алууга жөндөмдүү. Мисалы, тээп жүргөн велосипед, самокат сыяктуу буюмдарын тазалап жууп, дөңгөлөктөрүн майлап койгонго кудурети жетет. Ошондой эле чоңдордун көзөмөлү астында үтүктү пайдаланып, сааттын коңгуроосу кагылганда өз алдынча ойгоно аларынан кам санабай эле койсоңуз болот. Анткени 7 жаштан баштап бала мектепке бара баштагандыктан, жоопкерчилик деген эмне экенин аңдай баштаган учур болот.

8 жашта

Бул куракта бала өзүнүн бөлмөсүнүн жасалгасын ойлоп таап, андагы эмеректерди башкача кылып коюштуруп, шкафтагы кийимдерин иретке келтирүү колунан келерин психологдор изилдеп чыгышкан. Ошондой эле балаңызга кийим алуу үчүн дүкөнгө же базарга барганда «туура эмес тандап аласың» же «мен алып бергенди киесиң» деп оюн такыр чектей көрбөңүз. Ушуга окшогон чектөөлөрдүн айынан бара-бара келечекте балаңыздан өзүнө ишенбеген, тартынчаак адам өсүп чыгышы мүмкүн.

9-15 жаш

Психологдордун изилдөөсүнүн жыйынтыгында, 9 дан 15 жашка чейинки курак – өткөөл курак болуп эсептелинет. Башкача айтканда, жаш бала курагынан чоң кишиге айлануу баскычында турган маал. Ошондуктан «балам али жаш» деп аяп чектен ашкан мээрим төгө бербестен, физикалык жактан оор болбогон, аз убакыттын ичинде ишке ашчу жумуштарды жасата бергениңиз дурус. Бул нерсе келечекте сизге дагы, балаңызга дагы жакшы жыйынтыгын берет. Жаш чагынан эмгек кылып өскөн бала чоңойгондо башкаларга жакшылык кылууга дилгир болору байкалган. Анткени талыкпай эмгектенүүгө көнгөн балдар биринчи кезекте өздөрүн эмес, башкаларды ойлошот. Жоопкерчиликти сезе билишет. Баса белгилей кетчү нерсе, жасаган жумушу үчүн мактаңыз, жакшы сөздөрдү айтыңыз, бирок дайыма акча менен ыраазы кылып көндүрбөңүз. Мындай адат балаңыздын сизден дайыма акча талап кылып калышына жеткириши мүмкүн.

Асел Эсенбек кызы

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости