www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Жапониянын Бишкекте өтө турган футбол таймашына бардык билеттер сатылып бүттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди.

“Тилекке каршы, биздин стадион бул оюнду көргүсү келген бардык каалоочуларды батыра албайт, ошондуктан күйөрмандар үчүн кошумча аянтча болот” деп айтылат федерациянын билдирүүсүндө.

2022-жылы Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Ага тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Жапониянын курама командаларынын беттеши Бишкекте 14-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот.

Билеттер секторго жараша сатылды. Стадиондун чыгыш тарабы 350 сом, түштүк тарабы (дарбазанын арты) 250 сом, ал эми батыш тарабындагы орундуктардын баасы 500 сом болду.

Последние новости