www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дарыгерлерге козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.
2022-жылдын 29-декабрында укук коргоо органдары Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жана шаардык балдар ооруканасынын беш дарыгерин кармашкан.
Эртеси, 30-декабрда Кыргызстандын медициналык профсоюзунун төрагасы Бермет Барыктабасова 2022-жылдын ноябрында Эне жана баланы коргоо борборунда баланын өлүмү камоого болжолдуу себеп болгонун билдирди. Анын айтымында, бул жогорку даражалуу чиновниктин небереси болгон.
30-декабрда кармалгандар СИЗО-1ге киргизилген. Аларга КР Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси («Медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы») боюнча айып тагылган. 5-январда алар үй камагына чыгарылган.
Булак: NazarNews.kg