www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облустук ички иштер башкармалыгы интернет айдыңында балага орой мамиле кылып жаткан видео боюнча маалымат берип, милицияга 12-сентябрда белгисиз жаран тарабынан жашы жете элек балага карата зомбулук аракеттерди көрсөтүп жаткан видео жазуу вотсап группаларга таркап жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Соцтармакта тарап жаткан видеодо эркек киши кичинекей баланы сөгүп, «апаңа өчөшүп мен сени күнүгө урам, көчөдө уктайсың» деп аны бөлмөдөн кууп чыгып жатканы тартылган.

Бул факты ушул эле күнү Алай райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө видеого тартып аткан белгисиз жаран Алай районунун 1985-жылы туулган И.Т. аттуу тургуну экендиги аныкталып, тергөөгө алынган.

«Алгачкы маалыматтар боюнча И.Т. мындай аракеттерге баруусунун себеби, жубайы менен пикир келишпестиктер пайда болгондуктан, аны коркутуп коюу максатында өзүнүн баласын урушуп, видеого тартып, Орусияда эмгектенип жүргөн аялына жөнөткөндүгү маалым болгон», — деп айтылат маалыматта.

Учурда текшерүү уланууда.

 

Последние новости