www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Балбак мырза, сиз шаардык прокурордон Бишкек мэриясындагы дайындоолордун мыйзамдуулугун текшерүүнү сурадыңыз. Эмне жаңы кадрлардын мыйзамдуу дайындалып жатканына шегиңиз барбы?

- Ооба, Бишкек мэриясынын жаңы кадрдык дайындоолорунда шек бар. Мен аякта иштеп кеткем да. Ал жердеги балдар чалып, «бизди бошотуп, ордубузга бирөөлөрдү алып жатышат» дешти. Мен эми анын калп-чынын билбейм да. Аны көзөмөлдөөчү орган текшериши керек.

Мен «чынбы-калппы, ошону аныктап бергиле» деп жатам. Бирөө келип эле каалаганын иштен ала бербеши керек. Туура, мэр өзү билет кээ бир нерселерди. Мисалы, муниципалдык ишканаларды, аким менен вице-мэрлерди өзү дайындайт.

Бирок, аларга квалификациялык талаптар бар, ошого туура келиши зарыл. Ошону текшерип бергиле дедим.

- Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы жана азыркы башчысы тууралуу эмне жаңы маалымат бар?

- Менин оюмча, камалган балдардан да кеткен окшойт. Бирок, адвокаттын айтуусу боюнча, иш бүтө электе эле алып барып камап коюп атат. Жанагы кызматтан алынган прокурордун тергөөчүлөрү тергесе керек бул ишти.

Алардын айтканы башка, прокурордун айтканы башка болуп жатат. Ошондуктан, биз адилеттүүлүккө жетишибиз керек. Ошон үчүн айтып жатам, мен мунун акырына чыгарам, баары бир көзөмөлдөп тура берем.

Азыр дагы бир материал келди, аны прокурорго берем. Элдин мүдөөсүн аткарыш үчүн шайланганбыз да биз. Кээ бирөөлөр «заказ» деп жатышат. Эй, Достук менен Арка каякта, Тоң району каякта? Мен заказ аткармак тургай, ошол эки айылга бара элекмин.

Тааныбайм дагы аларды. Бирок, адилеттүүлүк болуш керек да. Азыр баарыбыз Баткен дейбиз. Бирок, ошол Баткендин жанында турган төрт айылды карай албай атабыз...

Булак: Азия News гезити

Последние новости