www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев мамлекеттик тууну алмаштыруу жөнүндө мыйзам долбооруна экинчи окууда каршы добуш берерин айтты. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, Жети-Өгүз, Тоң, Ысык-Көл райондорунда жана Каракол, Балыкчы шаарларында эл менен жолугуп, желекти өзгөртүү демилгеси боюнча да пикирлерин уккан: “Элдин көбү - дээрлик 80-90% тууну өзгөртүүгө каршы. Мага “каршы болбосоң анда бизге келбей эле кой” дешти. Бул экономикалык, саясий же социалдык маселе эмес. Бул улуттук маселе. Бул жолкусунда эл катуу талап коюп жатат”, - деди ал.

Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында желекти өзгөртүү сунушун саясатташтырбоого чакырып, мыйзам долбоорунун концепциясына биринчи окууда “макул” деп добуш берген. Ушул отурумда Нурланбек Шакиев туу өзгөртүлсө, бюджеттен каражат кетпей турганын, желек өзгөртүү зарыл болгон жерлерде алмашылса, анын чыгымын демөөрчүлөр көтөрөрүн билдирген. Бирок сөз болуп жаткан демөөрчүлөр ким экенин ачык айткан эмес.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости