www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Балбак Зырлыкович, жол кирелерди кымбаттатуу боюнча сөздөр кайра айтыла баштады. Бул канчалык орундуу?
- Мен мэр болуп турганда 5 сомго кымбаттатып бергенбиз. Болду да! Улам-улам эле кымбаттата береби? Эл муну көтөрө албайт азыр. 15 сом деп башында сүйлөшкөнбүз. Эми дагы... Андай болбойт да! Убагында зарылчылык бар болчу. Көп жылдан бери жол кире дегеле кымбаттай элек эле. Азыр эми кымбаттаганына бир жыл боло элек. Уят да!
Айткандарынын баарын жасап берип атабыз. Жергиликтүү бюджеттен 1 миллиард сом бөлүп, электроавтобустарды, газоавтобустарды кредитке алып берсек, жеп салышыптыр. Башкы прокуратура иш козгоду. Мэр барбы, караш керек да! Быякта отуруп алып менин жаным күйүп кетет. Мындай болбойт да. Жанталашып, жаман-жакшы көрүнүп атып, өкмөт, президент, Жогорку Кеңеш акча бөлүп берип атсак, тияктан кайра жеп атышат. Анан “тарифти көтөрөбүз” деп... Эмне, элдин канын соргон жатышабы?
- “Бензиндин, солярканын баасы өстү, айлыктар көбөйдү” деген жүйөнү негиз кылып жатышат...
- Көп болсо бир элүү тыйын кошо тур да, жаныңар чыгып баратса. Элди да ойлош керек да. Бишкекте мамлекеттик кызматкерлердин эле айлыгы көтөрүлдү. Калганы ошол эле бойдон. Баалар болсо өсүп атат. Маршрутка айдагандар унчуккан жок, мэрия өзү эле демилге көтөрүүдө. Кредиттерди жаба албай жатсаңар, анын башка жолдорун издегиле! Бош жаткан жерлерди бергиле бизнеске. Катып, пара алып жүргөн жерлерди ачыкка чыгарып, ошолордун ижара акысын көбөйткүлө. Болбойт да мындай. Башка булактарын издеш керек!
- Автобус, троллейбустардын паркын жаңылоо эмне себептен кечеңдөөдө?
- Алып берип атпайбызбы. Электоравтобустарга 50 млн. доллар бөлдүк. Ошолор келсе маршруткалар өзүнөн-өзү сүрүлүп чыгат да, этап-этабы менен.
Булак: Азия News гезити