www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балбак Түлөбаев Азиз Суракматов боюнча билдирүү жазды

Бишкек шаарынын мурдагы мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев УКМК тарабынан кармалган Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов боюнча Facebook баракчасына билдирүү жазды.

"Акыркы убактагы окуялар ички дүйнөмдө уйгу-туйгу. Оор эле. Азиз Эмилбекович Суракматов боюнча көп суроолорду берип жатышат. Мага өтө оор, чогуу иштедик, шаарда көп иштер жасалды. Соттордун, коопсуздук күчтөрдүн адилеттүү териштирүүсүнө ишенем. Ишенгим келет, коом өзгөрдү. Жакшы нерселер болуп жатат. Табуулар, адаттар жыгылууда. Өткөндө айттым өлкө үчүн, балдарыбыз үчүн адилеттүү коом курулууда. Баарыбыз мыйзам алдында бирдейбиз, мыйзамсыз иш кылсак жоопко тартабыз. "Эр жигиттин башы канжыгада". "Беш манжа тең эмес". Мени качан камалат экен дегендер да бар. Мени "сүйүп" жаткандар дагы жок эмес, түшүнсөк болот.

Таза, түз иштегенге дайыма аракет кылдым. Ар бир кылган ишиме жооп берем. Кудайга шүгүр, жаман ишке барган жокмун. Эми убакыт көрсөтөт. Актануу эмес Жараткандын алдында, достуктун алдында, абийир алдында парзым. Эч бир убакта башыңарды жер каратпайм. Кудай баарыбызга сабырдуулук берсин", - деп жазылат билдирүүдө.

26-майда Азиз Суракматов УКМКга "мыйзамсыз баюу" фактысы боюнча күбө катары чакырылып, кийин кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости