www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тимур Файзиевге издөө жарыяланды

Кечээ, 27-майда Аскер прокуратурасынын тергөө тобу тарабынан Elite house курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, 27-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Тимур Файзиевди сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. Соттун чечими менен шектүүнүн ЖАМКтын №1 абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Маалыматта шектүүнүн сырттан баш коргоо чарасы тандалып жатканда анын мөөнөтү аныкталбай турганы айтылат.

Тимур Файзиев Бишкектин аймагында жер тилкелерин алууда коррупцияга катыштыгы бар деп шектелүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости