www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга Казакстандын башкы дипломаты келди

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу боюнча 2021-жылдын 28-майында Казакстан Республикасынын премьер-министринин орун басары - тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Казакстандын ТИМ башчысынын сапарынын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жана КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуулары пландалган.

Ошондой эле Ата-Бейит мемориалдык комплексине гүлчамбар коюу жана башка маданий иш-чараларга катышат.

Алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, регионалдык коопсуздук жана чек ара кызматташтыгында, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан көп тараптуу өз ара аракеттенүүдөгү кыргыз-казакстандык кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелерди кароо пландаштырылууда.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жоюу жана кыргыз-казакстандык мамлекеттик чек арасынын жүк ташуучуларынын тоскоолдуксуз өтүүсүн ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости