www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балбак Түлөбаев:

Апрелден ары мэрлик кызматка барбайм. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын апрель айында Бишкек шаардык кеңеши кайра түзүлүп, жаңы мэр келет.

"Азыр кыйын кырдаал, кыйын мезгилди баштан кечирип жатабыз. Акчанын жоктугунан, жетишсиздиктин айынан жаңы жылдагы кээ бир нерселерди токтотуп койдум. Ушул кыйын мезгилден чогуу чыгып кетели. Коронавирусту жеңип, кыштан аман-эсен чыгалы! Апрелге чейин колуман келишинче таза, түз иштеп, кээ бир коррупциялык иштерди ачып кетейин деп жатам", — деди Түлөбаев.

Мэрдин милдетин аткаруучу эл менен иштешүүгө даяр экенин айтып, шаардыктарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости