www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Химиялык куралдарга тыюу салуу боюнча уюм (OPCW) Москваны оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын уулануу жагдайын ачыкка чыгарууга чакырды. Уюмдун 25-сессиясынын алкагында биримдикке мүчө 193 өлкөнүн 56сы кол койгон документи “Твиттерде” британ делегациясы тарабынан жарыяланды.

Биргелешкен билдирүүдө адамды "нервди шал кылуучу" зат менен ууландыруу- химиялык курал колдонуу болуп эсептелээри жана бул окуя тынчсыздандырууну жаратаары айтылган. Кандай гана химиялык курал болбосун, аны колдонуу эл аралык нормаларга каршы келээри белгиленген. 

Документке кол койгон өлкөлөр орусиялык оппозиционерге каршы “Новичок” тобуна кирген уулуу зат колдонулганын айыпташып, ал 2018-жылы Улуу Британияда орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлияга карата пайдаланылганын эске салышкан.

Билдирүүгө Улуу Британиядан тышкары Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр, АКШ, Канада, Австралия, Түркия, Жапония, Украина, Грузия жана башкалар кол коюшкан.

Эске салсак, 44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск-Москва каттамындагы учакта өзүн начар сезе баштаган. Дааратканада эстен танып жыгылгандан кийин учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон. Алгач Омскидеги ооруканага жаткырылган Навальный бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген. Навальный 19 күндөн кийин гана эсине келген.

Германиянын, ага кошо башка өлкөлөрдүн эксперттери лабораториялык текшерүүлөрдүн негизинде Навальный “Новичок” тобундагы уу менен ууландырылганын жарыялашкан. Европа Биримдигиндеги бир катар өлкөлөр Москваны фактыны иликтөөгө чакырышкан. Биримдиктеги бир нече өлкө жана АКШ Навальныйга кол салууга тиешеси бар экени айтылган орусиялык бир нече аткаминерге санкция салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости