www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ: Ошто эркек адам атасын муунтуп өлтүрдү

Ош облусунун Ноокат районунда эркек киши 63 жаштагы атасын муунтуп өлтүрдү. Бул тууралуу Ички иштер министригинен кабарлашты. 

30-ноябрь күнү саат 08:30да Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө Жаңы-Базар айылынын айылдык милиция бөлүмүнөн кабар келип түшкөн. Анда Чеч-Дөбө айылынын тургуну 1989-жылы туулган У.Ж үйүндө 63 жаштагы өз атасын кетмен менен башка уруп жана аны муунтуп өлтүргөндүгү айтылган. 

Ал эми кылмышка шектүү атасы жана апасы менен бирге жашагандыгы аныкталды. 7-классынан баштап ал психикалык оорулуу деп табылып, каттоодо турган. 

Булак: NazarNews.kg

Бул факт “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча катталып, тергөө иштери улантылууда.

Последние новости