www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен жана менин атамдын тарапташтары чынчыл жана акыйкат сот болот деп үмүттөнөбүз. Мындай пикирин мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев Facebook баракчасына билдирди.

“Кечээ, 30-ноябрда Жогорку сот Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча эки инстанциянын өкүмүн жокко чыгарды.

Иш Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү. Мен жана менин атамдын тарапташтары чынчыл жана акыйкат сот болот деп үмүттөнөбүз. Чындыгында адилеттүү чечим кабыл алынат деп ишенем. Баардык окуялардан жана баштан өткөргөндөрдөн кийин азыркы бийлик туура чечимдерди кабыл алат деп ишенем“, – деп билдирүү жазды Сеид Атамбаев.

Белгилей кетсек, кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча Атамбаев Биринчи Май райондук соту тарабынан 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. Өкүм Бишкек шаардык соту тарабынан каралып, чечим өзгөрүүсүз калган.

Эске салсак, кечээ, 30-ноябрда Жогорку сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Биринчи Май райондук сотунун Алмазбек Атамбаевге чыгарган өкүмүн жокко чыгарып, аны райондук сотко кайра кароого жөнөттү. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости