www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-январда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту.

«Жол кире акысын 15 сомго азыр эле көтөрөлү деген жокпуз. Маселе май-июнга барып чечилиши мүмкүн. Пенсионерлер менен окуучулар үчүн жеңилдетилген 8 сомдук тарифти калтырайын деген ойдобуз», - деди ал.

Түлөбаевдин айтымында, нааразы тарап азыркы учурдагы 10 сомдук тариф кеткен чыгымдарды актабай жатканын билдирип, буга далил катары тиешелүү эсептерин көрсөтүшкөн.

Ал жабык жолугушууда фирмалардын өкүлдөрү базар баасы, бензин, инфляциянын өсүп жатышына байланыштуу тарифти 15 сомго жогорулатууну талап кылганын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости